Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

Өзбекстан суу үнөмдөө боюнча өзгөчө режимге өтөт


Суу ресурстарын үнөмдөө боюнча өзбек президентинин катышуусунда өткөн жыйын. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Суу ресурстарын үнөмдөө боюнча өзбек президентинин катышуусунда өткөн жыйын. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте президенттин төрагалыгы менен суу ресурстарын рационалдуу колдонуу жана жоготууну кыскартуу чаралары боюнча жыйын өттү. Мамлекет башчы кийинки жылы суу үнөмдөө боюнча өзгөчө режим киргизилерин билдирди. Мирзиёевдин пикиринде, 2030-жылы өлкөдөгү суунун таңкыстыгы 15 миллиард метр кубга жетиши мүмкүн.

Президент кырдаалды климаттын өзгөрүүсү олуттуу оорлоштуруп жатканын айтты. Анын айтымында, Өзбекстанда пахта талаасын сугарууга башка мамлекеттерге салыштырмалуу 2-3 эсе суу сарпталат.

"Каналдар менен арыктар бетондолбогон үчүн, ирригациялык системаларда жылына 14 миллиард метр куб же суунун 36% эч кандай пайдасыз коротулат. Жалпысынан суу жоготуудан экономика жылына беш миллиард доллар кирешесинен айрылат", - деди Мирзиёев.

Мындан улам кийинки жыл “каналдарды бетондоо жылы” деп жарыяланып, 1500 чакырым каналды бетондоо тапшырмасы берилди. Андан тышкары, суу үнөмдөө технологияларын киргизе турган дыйканчылык чарбаларына жана ишканаларга жеңилдик менен насыялар берилери кабарланды.

Түркия, Испания жана Кытайдын суу үнөмдөө тажрыйбасын киргизүү сунушталды.

XS
SM
MD
LG