Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттердин камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 29-январына чейин узартылды.
“Бийликти басып алууга” айыпталган отуздай саясатчы, активисттердин ондон ашыгынын абакта жатканына бир жылдан ашты. Шектүүлөрдүн иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Соттук териштирүү башталбай турат
Кемпир-Абад иши июнь айында тергелип бүтүп, сотко өткөнү менен, соттук териштирүү толук баштала элек. Милиция кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан, маалымат берилбейт жана сот жабык өтөт.
Айыпталып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиевдин айтымында, тергөө абагындагы 11 адамды сот залына алып келбей эле жараянды улантуу чечими чыгарылган.
“Судья тергөө абагындагылар жок эле отурумду өткөрөбүз деген токтом чыгарып койгон. Бул мыйзамсыз. Бул боюнча өтүнүч келтирсек, канааттандырбай койду. Бизден кийин прокуратура "алып келгиле" деп кайрылыптыр. Алар алгач сот башталган күндөрү “ачык өтсүн” деп кыйкырып коюшкан. Ошондо сот залынан чыгарып салган. Бул туура эмес”, - деди Турдалиев.
Ушул сыяктуу жагдайлардан улам сот толук кандуу өткөн жок. Башкача айтканда, соттук алгачкы угуу бүтүп, шектүүлөргө айыптоо актысы окула элек. Үй камагындагы айыпталгандардын бири, саясатчы Клара Сооронкулова айыптоо актысынын мазмунуна кыскача токтолду.
“Тергөө абагында отургандарды катыштырбай койду. Алар сыртта качып жүргөн жок да, бул болбойт. Ошол сотко катыштыруу үчүн тергөө абагына камайт. Аларды алып келбей эле соттоп койгон туура эмес экенин прокурорлор дагы билип жатат. Айыптоо актысы менен тааныштым, 64 томдон турат экен. Ал жерде эч нерсе жок. Жайдан баштап аңдышыптыр. Жетигенов, Жапыкеев чогулуп, кээде чай ичип жүрүшкөн экен. Ошолордун сүрөттөрү жүрөт. Алар бөлөк топ, башка кишилер экен. Анан кафедеги жолугушуудан кийин эле бизди дароо кармай баштаган. Мен сыртта жүргөндүктөн, Кемпир-Абад боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы Фейсбуктагы постту алышыптыр. Ошону дагы бир иш кылып кошушту. Жалпы үч иш экен, алар – “бийликти басып алууга чакырык”, “массалык башаламандыкка чакырык” жана “бийликти басып алууга даярдануу”, - деди Сооронкулова.
Ошентип, Кемпир-Абад иши өлкөнүн эгемен тарыхында узакка созулган саясий сот иштеринин бири болуп калууда. Анткени айыпкер катары отуздай киши өтүп, алардын ар биринин жактоочусу бар. Бул ишке журналисттер да дайым көңүл буруп турат.
Абактан жаңырган ачуу сын
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган жалпы 27 кишинин 11и тергөө абагында жатат. Калгандары ар кандай жагдайда үй камагына чыгышты. Азыр абакты жаткандардын дээрлик көпчүлүгү - бийликти кескин сындаган саясатчылар. Алардын айрымдары жактоочулары аркылуу абактан кат жазып, бийликтин саясатын сындаганын улантып жатат.
Маселен, өткөн жумада жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун коррупцияга айыпталган Тенгиз Бөлтүрүк, президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси, депутат Надира Нарматованын баласы үй камагына чыгарылганын сындаган каты жарыяланды.
“Өз ойлорун ачык айткан "кемпирабадчылар", депутат А. Мадумаров жана анын тарапташтары Замирбек Шамшидин уулу ж.б. камакта. Олжобай Шакир сыяктуу көрүнүктүү журналисттер, блогерлер, активисттер мыйзамсыз камакта олтурат. Эмне деген тандалма саясат? Эмне деген эки жүздүүлүк? Кана адилеттүүлүк, чындык?” - деп жазган Бузурманкулов.
Бийлик Бузурманкуловдун абактан жазган катына жооп берген жок.
Анткен менен Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу президент баш болуп бийлик башындагылар бир нече жолу комментарий беришти.
2022-жылы декабрь айында президент Садыр Жапаров мындай пикирин билдирген.
“Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атса, башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм".
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-октябрда Жайыл районундагы атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында өлкөдөгү камакка алынып жаткан активист, саясатчылар жөнүндө айтып, өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотулуп жатканын билдирген.
“Коомчулукка дүрбөлөң салдырбайбыз. Дүрбөлөң салып жүрүп, эки-үч жолу төңкөрүш болду. Мамлекет жакшы жашап кеткен жок. Ар бир төңкөрүш сайын мамлекет алсыз болуп кетти. Мамлекет күчтүү болушу керек”, - деген Ташиев.
Шектүүлөргө “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Милиция жетиштүү далилдер бар экенин айткан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу
Кыргызстанда сын айткан саясатчы, активисттердин жапырт камалышына адам укугу багытындагы эл аралык уюмдар камтамасын айтып келет.
Жакында эле 9-ноябрда Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укукту өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялады.
Анда бийликти сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканы жазылат. Эки укук коргоочу уюм Кемпир-Абад иши боюнча өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.
Кыргыз-өзбек чек арасы чечилди
Камалгандар Кемпир-Абад суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы чыгышкан. Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын билдирген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.
21-26-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.