Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Орусияда чет элдиктерди "лоялдуулук келишимине" кол койдуруу сунушталды


Кремлде сүрөт тартып жаткан турист
Кремлде сүрөт тартып жаткан турист

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн аймагына кирип жаткан чет элдиктерди “лоялдуулук жөнүндө макулдашууга” кол коюуга милдеттендирүүнү сунуш кылды. Мыйзам долбоору толукталып, Мамлекеттик думага киргизилерин ТАСС агенттиги кабарлады.

Документтке ылайык, Орусияга кирген чет элдик жаранга орус саясатына “шек келтирүүгө", фашизмди жеңүүдөгү совет элинин эмгегин “бурмалоого” жана “каада-салт баалуулуктарын” четке кагууга тыюу салынат. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга бүдөмүк пикир жараткан маалыматты таратууга жана ЛГБТ мамилесин “пропагандалоого” бөгөт коюлат.

Чет элдик жаранга орус мыйзамдарын кабыл алуу жана алмаштыруу үчүн шыкак болууга, табиятка жана маданий баалуулуктарга орой мамиле жасоого, элдик салт-санаага шек келтирүүгө, “Орусияга зыян келтирчү” аракеттерди жасоого да болбойт.

XS
SM
MD
LG