Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Жер шарындагы эң чоң айсберг ордунан жылды


Антарктикалык айсберг. Иллюстрациялык сүрөт.
Антарктикалык айсберг. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдөгү ири антарктикалык А23 айсберги 37 жылдан кийин Түштүк Океанды көздөй жыла баштады.

Антарктикалык айсбергдин аянты 4 миң чарчы километрге жакын, бул азыркы Нью-Йорктон беш эсе чоң.

Reuters агенттиги спутниктен болжол менен триллион тонналык муз Антарктика жарым аралынан ары катуу шамалдын жана агымдын таасири астында тездик менен жылып баратканы көрүнгөнүн билдирди.

A23 айсбергинде кезинде советтик "Дружная-1" илимий станциясы жайгашкан. Муз 1986-жылы океан жээгиндеги тайыздыктан бөлүнүп, бирок бир ордунда токтоп калган. Айсбергдин азыр эмне себептен жылып жатканы белгисиз.

"Убакыттын өтүшү менен муз жонулуп, сууда сүзүүгө ыңгайлашса керек. Ушундан улам айсберг отуруп калган жеринен жылып, океандын агымына туш болушу мүмкүн", – дейт Британ антарктикалык институтунун гляциологу Оливер Марш.

Экспертер айсберг Түштүк Георгия аралдарында кайра эле тосмого такалып, аралдагы жаныбарларга коркунуч жаратышы ыктымал деп кооптонушууда. Аралды жана анын айланасын сууда миллиондогон тюлень, пингвин, деңиз канаттуулары байырлашат.

Ошол эле учурда A23 айсберги мурдагы А68 айсберги сыяктуу эле көптөгөн майда бөлүктөргө ажырап кетиши ыктымал деген божомолдор айтылууда.

XS
SM
MD
LG