Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга насыя бөлүүнү убада кылганын бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, аталган банк Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандын экономикасы өсүп-өнүгүү нугуна түшкөнү тууралуу маалыматына таянып ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Камбар-Ат-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга 5 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон, эми, Акылбек Жапаров билдиргендей, станциянын өзүн курууга насыя бермей болууда:

“Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору “Биз Эл аралык валюта фондунун божомолун окуп алып, Кыргызстанга 500 миллион долларды 50 жылга 10 жыл кийинкиге калтырып төлөө шарты менен берүү чечимин кабыл алдык” деди. А биз ГЭСти 8-9 жылда куруп бүтөбүз деп жатабыз. Ал өзүн өзү актап кетет. Дүйнөлүк банк “500 миллион бөлүп биз биринчи болуп берели, калган акчаны да сиздерге чогултуп берели” деп жатат”.

Ушу тапта өкмөт аталган ГЭСти курууга инвестор издеп жатат.

Акыркы жылдары кургакчылык жана суу тартыштыгынан улам энергетикалык кризиске кабылган Кыргызстан бул электр станцияны куруу экономика үчүн маанилүү экенин айтып келет.

ГЭС 2024-жылы курула баштап, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда, ал бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Быйыл январь айында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун “жол картасына” кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана“Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин аны башкараары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калаары айтылган.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун утурлаган инфраструктураны салуу иштерин өз алдынча былтыр баштаган. Буга өкмөт 1 млрд 555 млн сом бөлгөн. Президент Садыр Жапаров станциянын курулушунун башталышына 2022-жылы 8-июнда старт берген. (RK)

XS
SM
MD
LG