Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда


Төө-Ашуудагы тоннел. 2023-жыл, 2-август
Төө-Ашуудагы тоннел. 2023-жыл, 2-август

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүчү мамлекеттик кызматтардын жана кызматкерлердин санын кыскартууну көздөөдө.

Министрлик бул багыттагы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылгандай, аларга кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп коюп, акы төлөбөй өтүп кетүүсүнө чекит коюлат. Талкууга коюлган долбоорго ылайык, төмөнкү транспорттук унаалар гана Төө-Ашуудан акысыз өтө алат:

  • "Тез жардам" автоунаасы;
  • Өлкөнүн коомдук, ички-тышкы коопсуздугун камсыздоочу органдарга тиешелүү атайын автоунаалар;
  • Энергетика министрлигинин атайын автоунаалары;
  • Транспорт жана байланыш министрлигинин атайын автоунаалары;
  • Жергиликтүү аймактарда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын ташыган автоунаалар (жашаган жери жана жер үлүшү тууралуу маалымкаты болсо).


Мындан башка мекемелердин, мамлекеттик органдардын автоунаалары, мамлекеттик кызматкерлер акы төлөйт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол фондунун укуктук жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Утемисовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай чектөө менен мамлекеттик бюджетке кошумча 6-7 млн сом түшөт:

"Учурда мамлекеттик бюджеттен каржыланган бардык мамлекеттик органдардын кызматкерлери Бишкек - Ош жолунда акысыз жүрөт. Алар иш сапар эмес, жеке максат менен бара жатканда да кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп коюп, Төө-Ашуудан акысыз өтүп кете берет. Биздин эсеп боюнча, ушулардын эсебинен күн сайын 200-300 авто унаа жолдон акысыз жүрөт. Мыйзамды өзгөртсөк, болжол менен 6-7 млн сом мамлекеттик бюджетке түшөт".

Бишкек - Ош жолунда жүрүү акысы учурда жергиликтүү жеңил автоунаалар үчүн 45-50 сом, чет элдик жеңил машинелер үчүн 5 доллар. Ал эми жүк ташуучу унаалардын акысы алардын категориясына жараша 100 сомдон 400 сомго чейин.

Бишкек - Ош жолунда жүрүү акысы жолдогу тоннелдерди карап-каржылоо иштерине жумшалары айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG