Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы соода калыбына келди


Пакистан-Ооганстан чек арасы. Архивдик сүрөт
Пакистан-Ооганстан чек арасы. Архивдик сүрөт

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы соода кадимкидей калыбына келгенин эки тараптын расмий өкүлдөрү шаршембиде билдиришти. Анын алдында Исламабад жаңы виза эрежелерин убактылуу токтоткон. 21-ноябрда Пакистан ооганстандык айдоочулардан паспорт жана виза талап кыла баштаганда ооган тарап пакистандык жүк ташыган машиналарды өткөрүүдөн баш тарткан.

Пакистандын Бажы кызматынын өкүлү AFP агенттигине айтып бергендей, Соода министрлигинин делегациясы Ооганстандын расмий адамдары менен жолугушуп, ооган айдоочулары үчүн дагы эки жума убакыт берүүнү макулдашты. Ооганстандын Нангархар провиниясынын губернатору чек арада соода жанданганын бышыктады.

Кабул менен Исламабаддын мамилелери октябрда Пакистан бийлиги өлкөдө мыйзамсыз жүрөт делген оогандык жүз миндеген кишини депортациялоо планын жарыялагандан кийин кескин начарлап кеткен. Ушул тапта 340 миндей ооган жараны өз ыктыяры менен же күчтөп чыгарылды.

Пакистан паспорту жана визасы бар оогандыктар гана киргизилерин эскерткен. Мурда оогандар ички документ менен жүрө алчу.

Ооганстан товарларды импорттоодо кошунасынан, асыресе Карачи портунан көз каранды. Бирок экономикалык кризистен жапа чегип келаткан Пакистан Ооганстанга багытталган товарлардан бажы төлөмдөрү алынбагандыктан миллиондогон доллар жоготконун айтууда.

XS
SM
MD
LG