Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) "Азаттыкка" курган маалыматында, учурда Орусиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жарандардын саны 1167 адамды түзөт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү быйылкы биринчи жарым жылдыкта Орусияда соттолуп, абактарда жазасын өтөп жаткан 236 кыргызстандык жаран менен жолугушкан. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Кыргызстандын 29 жаранынан жазасын мекенинде өтөөгө уруксат сураган кайрылуу түшүп, Башкы прокуратурага жолдонгон.
ТИМдин демилгеси менен соттолгон кыргызстандыктарды мекенине которуу маселесин натыйжалуу чечүү үчүн Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун жана Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Былтыр мекемелер аралык жумушчу топтун төрт отуруму өткөрүлгөн.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2016-жылдан берки аралыкта чет мамлекеттерде кылмышы үчүн соттолуп, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп отурган 550дөн ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Иран, Түркия, Түштүк Корея, Кытай жана Бириккен Араб эмирликтеринен да кыргызстандыктар экстрадиция болгон.
Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранып, бийликке кайрылган учурлары арбын. Сентябрда алардын айрымдары бийликтен экстрадициялоо маселесин тездетүүнү суранып, Бишкекте митингге да чыгышкан.(ZKo)