Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион сомго чукулдады


Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын ИДПсынын өсүү божомолу. Сентябрь, 2023-жыл
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын ИДПсынын өсүү божомолу. Сентябрь, 2023-жыл

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү ноябрь айынын аягында 1 триллионго жетет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Ага ылайык, быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДП көлөмү 919,1 млрд сомду түздү.

Өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген. Ал бул тууралуу 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтты.

"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун командасы 1-декабда өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион сомго жетет деп күтүп жатабыз. Быйылкы мамлекеттик бюджет профицит менен чыгып жатат. Биз экономикада дисбалансты - киреше менен чыгашаны оңдой баштадык. Эгер туура эмес макроэкономикалык саясат жүргүзө турган болсок, инфляция өсүп, баалардын баары кымбаттап, айлык акыларды көтөргөнүбүз бекерге чыгып калмак", -деди Акылбек Жапаров.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыккан.

Кыргызстандын ИДПсы 2011-жылы 250 млрд сомго чыгып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Кийинки көрүнүктүү өсүү 2017-жылы болгон - 500 млрд сомдон ашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG