Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Жалал-Абадда таштандыдан табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 18-ноябрь күнү таңга жуук таштанды челектен табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Кыпчак Токторбаев "Азаттыкка" билдирди.

"18-ноябрь күнү төрөт үйүнө 38 градус дене табы менен келген ымыркайды саат 12де балдар бөлүмүнө алып келишти. Учурда баланын абалы орто оор бойдон турат. Ымыркайдын апасы, таяатасы жана таенеси бизге келип баланы багып алаарын айтышты. Учурда бала өз алдынча дем алып тамакты түтүк менен берип калдык", - деди башкы дарыгер.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматына караганда, 18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

ШИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, баланы таап алган жаран менен чогуу төрөт үйүнө жеткиришкен.

Териштирүү учурунда ымыркайдын энеси - таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан 18 жаштагы Т.Э. экендиги аныкталган.

"Ал 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда өзү жашаган батирдин жуунчу бөлмөсүндө төрөп, төрөгөн кызын жаш баланын кийимине ороп, көчөдөгү таштанды жайга алып барып таштап койгон", деп билдирди милиция.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

19-ноябрда саат 22:45 чамасында Бишкектеги жаңы конуштардын биринде көчөдөн жаңы туулган ымыркай табылган. Милиция кызматкерлери баланы төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал жерден балага жандандыруучу жардам берилип, абалы турукташканы кабарланган. Бул иш боюнча шектелип 20 жаштагы келин кармалды.

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийинчерээк Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Бул окуядан кийин коомчулукта төрөп багууну каалабаган энелерге балдарын калтыруу үчүн атайын жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG