Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

ДССУ: Газа тилкесинде жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн


Газа тилкесинин түштүгүндө баш калкалап жаткан палестиндер.
Газа тилкесинин түштүгүндө баш калкалап жаткан палестиндер.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 17-ноябрда билдиргендей, Газа тилкесинде жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тынчсыздануу жаратууда. Уюмдун Газа тилкесиндеги өкүлү Ричард Пеперкорн азыр эле 70 миңден көп адам респиратордук инфекцияга кабылганын, 44 миңдей киши диареядан жабыркап жатканын билдирип, жугуштуу илдеттер дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму буга чейин эле Газадагы кырдаалга тынчсызданганын жарыялаган. Израил армиясынын аба чабуулдарынан жана жердеги операциясынан улам анклавда саламаттык сактоо системасынын иши начарлады, таза суу жетишсиз, карапайым тургундар топтолуп, жер төлөлөрдө баш калкалоого аргасыз. Андан тышкары бир жарым миллиондой тургун түштүктө баш калкалап турат.

ХАМАСтын (АКШ жана Европада террордук деп таанылган) жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 220дай кишини барымтага алган. Кандуу чабуулдарда 1200дөй киши өлгөнү маалымдалган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери толук курчоодо калган анклавда 11 миңден ашуун адам набыт болду. Алардын 4500ү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG