Бишкекте режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” аттуу жаңы тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Чыныгы жашоодон алынган тасмада Кыргызстандагы кыз ала качуунун кесепеттери чагылдырылган.
Кыз ала качуунун кесепети тасмада
Тасма Азиядагы Пусан кинофестивалында баш байгеге татыган. Ал эми кыргыз көрүүчүлөрүнүн сынына жакын арада коюлганы турат.