Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Газа тилкесинен 92 казакстандык жана алардын үй-бүлөлөрү эвакуацияланды


Рафах чек ара бекети. Газа, ноябрь, 2023-жыл
Рафах чек ара бекети. Газа, ноябрь, 2023-жыл

Газа тилкесинен эвакуацияланган казакстандыктар Каирдеги мейманканага жайгаштырылды. Мындай маалыматты шаршембинин кечинде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Маалыматта аларга зарыл болгон жардам берилип жатканы айтылды. Казакстандыктарга жана алардын жакындарына документ берүү маселеси да чечилүүдө.

Ушул эле күнү кошуна өлкөнүн ТИМи Газа менен Египеттин чек арасындагы Рафах пунктунан Казакстандын 92 жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өткөнүн билдирген.

Газадагы бардык казакстандыктар эвакуациялангандан кийин казак өкмөту аларды алып кетүүгө Каирге атайын учак жөнөтөрү күтүлүүдө.

«Азаттыктын» казак редакциясы жазганына караганда, Газадагы чек ара бекеттер базасында 14-ноябрга карата «Казакстан» деген жерде 122 киши көрсөтүлгөн. Алардын 66сы казак жарандары, калгандары алардын балдары жана жубайлары.

XS
SM
MD
LG