Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

БУУнун программасы Газадагы имаратына сокку урулганын айыптады


Газа тилкесиндеги кырдаал, 10-ноябрь 2023-жыл.(Сүрөт БУУнун Газадагы имаратына тиешеси жок)
Газа тилкесиндеги кырдаал, 10-ноябрь 2023-жыл.(Сүрөт БУУнун Газадагы имаратына тиешеси жок)

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы уюмдун Газа шаарындагы имаратына урулган соккуга байланыштуу "терең тынчсыздануусун" билдирди. Уюмдун 11-ноябрдагы расмий маалыматына ылайык, жүздөгөн качкындар баш калкалап жаткан бул имаратты бутага алган чабуул "көп сандаган адамдын өлүмүнө жана жаракат алышына" жол ачты.

"Жаңжалдын чордонунда калган жайкын тургундардын өлүмү жана жаракат алышы менен коштолгон бул трагедия кабыл алынгыс жана токтошу керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Газа шаарындагы имаратты Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Палестин элине жардам көрсөтүү бөлүмү 13-октябрга чейин иштетип келген. Уюмдун билдирүүсүндө бул имаратка ким чабуул койгонун белгилеген жок.

Израил армиясы Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик террорчул уюм деп эсептеген ХАМАС радикал тобуна каршы операциясын улантууда. Жекшембиде Израилдин аскерлери Газадагы эң ири Ал-Шифа ооруканасынын айланасында ХАМАСтын жоочулары менен кармашып жатканы белгилүү болду. Ооруканада жүздөгөн бейтаптар, анын ичинде ымыркайлар жардамга муктаж экени кабарланууда.

Эл аралык аренада Израилди Газадагы чабуулдарын токтотууга чакырган билдирүүлөр байма-бай жарыяланууда. Бирок 11-ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС тобу жок кылынмайынча согуштук аракеттер улана турганын айтты.

XS
SM
MD
LG