Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Депутат Шайлообек Атазов УКМКга суракка чакырылды


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге атайын кызматка суракка кирип баратып билдирди.

Атазов Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча тарапташтары суракка алынып жатканын, бүгүн өзү да күбө катары чакырылганын айтты.

Бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергенин “Азаттык” 2-ноябрда жазып чыккан.

Ал Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

Атазовдун мандатына байланыштуу маселе Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.

Атайын кызматтын төрагасы 2-ноябрда Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын айткан. Ал бул топко жакын 202 адамдан мамлекеттик органдар тазаланып жатканын билдирген.

3-ноябрда депутат шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын ырастаган дана “Фейсбуктагы” баракчасына "Мага жеткен маалымат боюнча аларды "шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла" деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат" деп жазган.

Депутат соңку жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга "туура эмес маалымат" жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранган.

Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG