Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Бишкекте Кыргызстандын Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды


Зинаида Петренко.
Зинаида Петренко.

Бишкекте 6-ноябрда 73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгилегендей, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сахна менен жашап, чыгармачыл сапарын чыгаан актриса, режиссер жана устат катары улантып келген Петренко бир күн мурда 5-ноябрда кайрымдуулук спектаклинде өзүнүн акыркы ролун ойногон.

Петренко 1951-жылы Орусиянын Уфа шаарында төрөлгөн. Кийин Кыргызстанга келип, дээрлик жарым кылым өмүрүн сахнага арнаган. Орус драма театрында 1975-жылдан бери эмгектенип келген актриса өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган спектаклдерге активдүү катышкан.

Кыргыз улуттук театрын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, ийгиликтүү чыгармачыл жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн ал Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, Эл артисти наамдарына татыган.

XS
SM
MD
LG