Депортация борборлорунда аялдар жана балдар толтура. Буга чейин Пакистандын полициясы тиешелүү уруксат кагаздары жок бозгундардын баары өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп эскерткен.
Пакистан ооган качкындарын күчтөп чыгарууда
Пакистандын коопсуздук күчтөрү 1-ноябрдан тарта мыйзамсыз жүргөн ондогон оогандыкты кармап, мекенине депортациялай баштады. Исламабаддын маалыматына караганда, рейд - каттоодон өтпөгөн мигранттарга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү. Бирок бул негизинен 2 миллиондой ооган мигрантына каршы багытталган.