Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Reuters: АКШ Украинага 425 млн долларлык жаңы жардам көрсөтөт


HIMARS зениттик-ракеталык комлекси.
HIMARS зениттик-ракеталык комлекси.

Расмий Вашингтон 3-ноябрда Украинага көрсөтүлө турган жаңы аскердик жардамдын айлампасы тууралуу жарыялоого камданууда.

Бул тууралуу өз булактарына таянып Рейтер агенттиги кабарлады. Жалпы 425 млн долларды түзгөн бул жардамга дрондорго каршы күрөштө колдоно турган каражаттар жана абадан коргонуу системасынын тетиктери кирет. Андан тышкары NASAMS, РСЗО HIMARS сыяктуу зениттик-ракеталык комлекстерине караштуу жабдыктар да камтыларын агенттик жазды.

Бул Вашингтон Украинага көрсөтүп жаткан жардамдын 50-айлампасы. Буга чейинкисине Stinger зениттик ракеталары, танктарга каршы колдончу Javelin ракеталык комплекстери да кирген.

Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери Вашингтон Киевге 43,9 миллиард долларлык жардам жөнөттү.

XS
SM
MD
LG