Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Орус армиясы Харьков облусуна жанкечти дрондор менен чабуул койду


Орусиянын армиясы Украинанын аймагына Иранда чыгарылган жанкечти дрондор менен чабуул коюуда.
Орусиянын армиясы Украинанын аймагына Иранда чыгарылган жанкечти дрондор менен чабуул коюуда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тараткан билдирүүдө Орусиянын армиясы 3-ноябрга караган түнү Украинанын аймагына 38 учкучсуз аппарат жана бир Х-59 канаттуу ракетасы менен кол салганы жазылат. Украин аскерлеринин маалыматына караганда, 24 дрон жана бир ракета атып түшүрүлгөн.

Харьков облусунун полициясы билдиргендей, орус армиясы учурган он дрон аймактын жарандык инфратүзүмдөрүн бутага алды.

Харьков шаарынын мэри жана облус администрациясы эки дрондун соккусунан карапайым кишилер жашаган үйлөр, окуу жайдын имараты жана автоунаалар жабыркаганын кабарлашты. Жараат алгандар тууралу азырынча маалымат жок. Ошондой эле дрондор Украинанын батышындагы Львов облусуна чейин жеткени кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул боюнча маалымат бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG