Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын ооруканаларында кызылча илдетин жугузган балдардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы саламаттык сактоо тармагындагы булактарына таянып жазды.
"Чоганлыдагы Жугуштуу ооруларды алдын алуу борборунда жүздөгөн балдар жатат. Кызылча жугузгандардын көбү бала бакчага баргандар. Алардын саны абдан көп болгону үчүн дарыгерлер жетишпей жатат", - деген булак.
Анткен менен кабарчылардын маалыматында, оору жайылып жатканына карабай баш калаадагы бала бакчалар жабылган жок. Расмий бийлик бул тууралуу маалымат бербегендиктен, канча бала ооруп жатканы белгисиз.
Кызылча илдети Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде дагы жайылууда. Кыргызстанда жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3,5 миңге чукулдады, алардын көбү төрт жашка чейинки балдар. Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий маалыматында, быйыл кызылчадан үч бала чарчап калды.
Казакстанда жыл башынан бери 10 миң балага жуккан. Алардын көбү кызылчага каршы эмделбегендер болгон. Алты бала чарчап калды.
Кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.