Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Израил армиясы ХАМАСка каршы операциянын алкагында Газага кирди


Израил аскерлери.
Израил аскерлери.

Израилдин Коргонуу армиясы Газа шаарын курчоого алгандан кийин ХАМАС радикал тобуна каршы аскердик операция өткөрүү үчүн калаага кирди. Бул тууралуу израил армиясынын расмий өкүлү Даниэль Хагари 3-ноябрда билдирди. Анын айтымында, шаар ичинде аскерлер ээн-эркин жүрүүсү үчүн калааны миналардан тазалоо иштери өткөрүлүп жатат.

Согуш башталгыча 640 миң киши жашаган Газа шаары курчоого алынганын Израил бийлиги 2-ноябрдын кечинде билдирген. ЦАХАЛдын маалыматына караганда, калаа толугу менен ХАМАСтын чордонуна айланган.

Ал арада Газа тилкесинен чет элдиктерди, оор жараат алган жана кош жарандуулугу бар палестиндерди эвакуациялоо уланууда. Египет менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекети аркылуу 3-ноябрда чыгып кетчүлөрдүн тизмесине 600 киши кирген. Алардын арасында Мексика, АКШ, Британия, Германия, Италия, Индонезия жана Франциянын жарандары бар экени маалым болду.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 9 миңден ашык киши каза тапканын, 3760ы балдар, 2 миңден көбү аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1400 киши деп кабарланган, алардын 300 чактысы аскерлер. Дагы 200дөн ашуун киши ХАМАСтын барымтасында калууда.

XS
SM
MD
LG