Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Путин Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарды


Орусиянын президенти Владимир Путин Өзөктүк сыноолорго тыюу салган келишимдин ратификациясын жокко чыгарган буйрукка кол койду. Тиешелүү документ укуктук маалымат порталында жайгаштырылды.

Ратификацияны кайтарып алуу мыйзам долбоору Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володиндин тапшырмасы менен иштелип чыгып, 12-октябрда орус парламентине сунуш кылынган. Аны эки палата тең жактырган.

Келишимден чыгуу демилгесин Путин өзү көтөргөн. Ал Орусиянын атомдук доктринасын өзгөртүүнүн кажети жок экенин, бирок ратификацияны чакыртып алса болорун айткан. Путин АКШ документти азыркыга чейин ратификациядан өткөрө электигин белгилеген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул кадам Орусиянын өзөктүк сыноолорду жүргүзүү ниетин чагылдырбайт деп билдирди.

Атомдук сыноолорго тыюу салган келишим 1996-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында кабыл алынган.

Москва жакынкы тарыхта өзөктүк жабдыкты жардырып, сыноо өткөргөн эмес. Бирок Батыш Орусия Украинага кол салгандан бери өзөктүк риториканы колдонгонун айыптап келатат.

XS
SM
MD
LG