Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Москвада чыккынчылыкка айыпталган тажикстандык таксист 13 жылга кесилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Москва шаардык соту 36 жаштагы тажикстандык Ахажон Зохидовду 13 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Ага мамлекеттик чыккынчылык, аткезчиликке камынуу беренелери менен айып тагылды. Бул тууралуу “Настоящее время» телеканалына соттон маалымдашты. Колониядан чыккандан кийин бир жарым жыл бою эркиндиги чектелмекчи.

Тергөөчүлөр Зохидов чек арадан күчтүү, уулуу, жардыруучу же радиоактивдүү заттарды, курал-жарак же тетиктерин, жардыруучу жабдыктарды, ок-дары, технологияларды же аскердик максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болгон илимий-техникалык маалыматты алып өтүүгө даярданган деп эсептешет. Иштин чоо-жайы белгисиз, сот жабык өттү. Айыпталуучуну коргоого мамлекет адвокатты өзү дайындаган.

Москва сотторунун сайтында жарыяланган камакка алуунун апелляциялык токтомунда Зохидовго каршы кылмыш иш былтыр 12-сентябрда козголгону айтылат. Ошол эле күнү аны кармап, тергөө абагына киргизишкен.

"Медиазона" сайты Зохидов Ахажон Махмажонович ысым менен 2021-жылы такси кызматын көрсөткөн жеке ишкер катталганын жазды.

Быйыл Орусияда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, ондогон киши камалды. Өзгөртүүлөргө ылайык, бул берене менен айыпталгандарды өмүрүнүн аягына чейин абакка кесүү каралган.

"Свобода" радиосу жазгандай, 1997-2021-жылдар аралыгында ушул берене менен 117 кылмыш иш козголгон болсо, 2022-жылы 20 иш козголгон. Быйыл алардын саны мындан эселеп көбөйдү.

XS
SM
MD
LG