Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Зордуктоонун жазасын катуулаткан мыйзам экинчи окууда да колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Зордуктоого кабылгандардын укугун коргоого багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынды. Парламенттин 1-ноябрдагы жалпы отурумунда Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу бул мыйзам долбоорун депутаттар бир добуштан колдошту.

32 депутат автор болгон долбоордун демилгечиси, депутат Элвира Сурабалдиева “Азаттыкка” билдиргендей, “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелеринде каралган кылмыш боюнча ишти тараптардын жарашуусунун негизинде кыскартуу мүмкүнчүлүгү толук алынып жатат. Мурда аталган беренелердин 1-бөлүгү боюнча козголгон иштер кыскартылчу.

Ушул эле беренелер боюнча кылмыш куугунтугун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу токтотуу, шектүүнү күрөөгө бошотуу деген нормалар да алынып жатат.

Мындан тышкары, адамдын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго пробациялык көзөмөл мүмкүнчүлүгү берилбейт. Пробация “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” жана “Ыплас аракеттер” деген беренелерде каралган кылмыштар боюнча да колдонулбайт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын 27-сентябрда Жогорку Кеңеште ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирген. Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айткан жана “Былтыркы жылга караганда өсүү темпи бар” экенин кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG