Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:21

Аба ырайы: айрым аймактарда түнкүсүн жаан жаайт


Кыргыз гидромет борбору билдиргендей, 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, 0…-2 (үшүк), күндүз 13…18;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 8…13;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 -1…-3 (үшүк), күндүз 12…13;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 2…7, күндүзү 15…20;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, 0…-2 (үшүк), күндүз 10…15;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мумкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 1…3°, күндүз 16…18° градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG