Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Египет менен Газанын ортосундагы Рафах бекети чет элдиктер үчүн ачылды


Рафах өткөөлү. 1-ноябрь, 2023-жыл
Рафах өткөөлү. 1-ноябрь, 2023-жыл

Египет менен Газанын ортосундагы Рафах чек ара пункту шаршембиде эртең менен аймакта калган чет элдиктерди жана изралдиктердин аба соккуларынан жарадар болгон ондогон жергиликтүү кишилерди чыгаруу үчүн убактылуу ачылды.

«Рейтерс» агенттиги мындай макулдашууга Катардын ортомчулугу менен жетишилгенин билдирди. Сүйлөшүүлөргө АКШ дагы катышкан.

Маалыматтарга караганда, 1-ноябрда ал жерден 500 киши өткөрүлөт.

Араб маалымат каражаттары Египеттен Газага бир нече тез жардам машинеси бет алганын, алар 81 жарадар кишини алып кетерин кабарлашты.

Газа тилкеси менен Египеттин ортосундагы жападан-жалгыз чек ара өткөөлү кадимки режимдеги ишин токтоткон. Египет палестин качкындарынын агымынан чочулайт. Анын үстүнө Израил анын айланасына сокку урганы да айтылган. Рафах акыркы жумаларда бир нече жолу гуманитардык жүктү коё берүү үчүн ачылган.

Анклавды башкарган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун жерде операция баштаган. Тилкедеги гуманитардык абалды эл аралык уюмдар «апаат» деп сүрөттөшөт.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжал башталгандан бери 8 жарым миңдей киши каза тапканын, көбү балдар менен аялдар экенин билдирди.

Израил тараптагы жоготуулар 1 миң 400 киши деп кабарланган.

XS
SM
MD
LG