Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Жапаров милиция эл ишенимин актап иштей турган мезгил келгенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ар бир жаран кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжасын көргөндө гана келечекке ишеними артарын бүгүн 1-ноябрда президент Садыр Жапаров Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда белгиледи.

Президент эл “Менин милициям мени коргойт” деген накыл сөздү кармангандай кылып, ишенимин актап иштөөгө мезгил келгенин айтты:

“Борбор шаарыбыздан баштап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбызга чейин азыркы учурда кылмыштуулукка каршы жүрүп жаткан аёосуз күрөштүн натыйжасы сезилиши керек. Ошондо гана биз элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишенимин арттырабыз. Мамлекетибиздин, коомубуздун жана жарандарыбыздын коопсуз жашоосун, алардын мыйзамдуу укуктарынын корголушун камсыздай алабыз. Бул максатты ишке ашыруу сиздерден кажыбас кайратты, талыкпас эмгекти жана кесипкөйлүктү, ошондой эле ак иштөөнү талап кылат”.

Жапаров милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого олуттуу көңүл бурулуп жатканын, санариптештирүү жана башка заманбап технологиялардын колго алынышы коррупцияга бөгөт коюп, элдин милицияга болгон ишеничин бекемдеп жатканын кошумчалады.

Кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү деп 1924-жылдын 1-ноябры эсептелет. Бул күнү РСФСР курамындагы Кара-Кыргыз автономдук облусунун революциялык комитетинде түзүлгөн административдик бөлүмдүн жетекчилиги милиция башкармалыгы иштей баштаганы тууралуу баяндама жасаган.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жыл боюнча баяндамасында Кыргызстанда милицияга элдин ишеними жогорулаганы, биринчи жарым жылдыкта 29,5 балл болсо, экинчисинде 33,5 балл болгону белгиленген. Бирок укук коргоочулар адам укугунун бузулушу, кыйноо фактыларынын көбү милиция органдарында катталарын айтып жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG