Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Аскат Алагөзов мамлекет башчынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.
Бул кызматты аркалап келген Эрбол Султанбаев президенттин 31-октябрдагы жарлыгы менен Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды.
39 жаштагы Аскат Алагөзов кесиби боюнча журналист. Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүндө иштеп келген. Ага чейин "Пирамида" медиахолдингин жетектеген. (КЕ)