Норвегиянын Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) Тажикстандын Ашт районунун 36 жаштагы тургуну Аслиддин Шариповдун тагдырына тынчсыздануусун билдирди.
“Озоди” радиосу кабарлагандай, Шарипов бозгундагы тажик оппозициясына таандык Паём ТВ деген каналдын директору Шавкат Мухаммадинин бир тууганы. Үй-бүлөсү жана адвокаты бир айдан бери анын тагдыры белгисиз экенин айтышууда. Маалыматка караганда, 2016-жылдан бери Шарипов Орусияда жашаган, былтыр сентябрда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен кармалган, быйыл 1-октябрда Тажкистандын тартип коргоо органдарына өткөрүлгөн.
Жакындары Башкы прокуратурага, Омбудсменге, Ички иштер министрлигине кайрылганын, бирок майнап чыкпаганын айтышат.
Норвегиянын Хельсинки комитетинин баш катчысы Берит Линдеман: «Тажикстан бийлиги Шариповдун кайда экенин дароо ачыктоого тийиш”, -деди. Туугандары эмне себептен маалымат ала албаганын түшүндүрүүгө чакырды. Анын айтымында, бул окуя тажик бийлиги оппозиция мүчөлөрүнүн жана өкмөттү сындагандардын жакындарын куугунтуктаганын далилдейт.
Шариповдун үй-бүлөсү айтып бергендей, Орусиянын Свердлов облусундагы Нижний Тагил шаарынын прокуратурасы аны тыюу салынган уюм менен кызматташкана, аларды интернет аркылуу попагандалаган деп шек санап жатат. Жакындары Шарипов эч качан тыюу салынган уюмдарга мүчө болбогонун айтышууда.
Былтыр Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн 100 чакты киши экстрадиция болгон. Алардын 18и терроризмге жана экстремизмге айыпталган, бир нечеси абакка кесилген.