Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:52

Кытайдын "Шэньчжоу-16" космос кемеси Жерге кайтып келди


 "Шэньчжоу-16" космос кемесин учуруу. Кытай, 30-май, 2023-жыл
"Шэньчжоу-16" космос кемесин учуруу. Кытай, 30-май, 2023-жыл

Кытайдын "Шэньчжоу-16" космос кемеси шейшембиде Ички Монголия автономдуу аймагындагы Гоби чөлүнө ийгиликтүү конду. Анын бортунда үч кишиден турган экипаж бар болчу. Жерге кеменин командири Цзин Хайпэн, тайконавттар (космонавттар) Гуй Хайчао жана Чжу Янчжу кайтып келишти. Алар "Тяньгун" орбиталдык станциясына май айында барган.

Кытайдын улуттук станциясында эми үч кишиден куралган "Шэньчжоу-17" миссиясы иштеп жатат. Алар 26-октбярда ааламга жөнөгөн. Болжол менен бул экипаж дагы станцияда беш ай болмокчу. Бир катар илимий эксперимент, сыноолорду жургузмөкчү.

400 километр бийиктикте жайгашкан Кытайдын станциясы үч кишиге ыңгайлаштырылган.

XS
SM
MD
LG