Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:05

Президент прокуратура тууралуу мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштады


Прокуратура органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөтүү жана толуктоо боюнча эки мыйзам долбоору бүгүн 31-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

“Прокуратура жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди:

“Негизги максат – Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, ички коллизияларды жоюу, мамлекеттик жана расмий тилдердеги кээ бир айырмачылыктарды бири-бирине дал келтирүү жана укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорду жакшыртуу”.

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына тиешелүүлүгүнө жараша өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.

2021-жылдын январь айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG