Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:18

Лионель Месси сегизинчи жолу “Алтын топ” сыйлыгын алды


Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземинде.
Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземинде.

Америкалык “Интер Майами” клубунун жана Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси 2022-2023 сезонунун жыйынтыгында “Алтын топту” сегизинчи жолу жеңип алды.

Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 31-октябрга караган түнү Парижде өттү.

Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Лионель Мессинин улуттук курамадагы командалашы, Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинес алды.

Аялдар арасындагы “Алтын топ” “Барселона” клубунун жарым коргоочусу Айтана Бонматиге ыйгарылды. “Реал Мадрид” клубунун оюнчусу Жуд Беллингем жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд мыкты чабуулчу болду.

“Манчестер Сити" сезондун мыкты командасы деп табылды.

36 жаштагы Лионель Месси баштаган Аргентина курамасы 2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында Францияны утуп, дүйнө чемпиону болгон. Лионель Месси анда “Эң мыкты оюнчу” деп табылган.

Лионель Месси “Барселона” менен он жолу Испаниянын чемпиону болгон, жети жолу Испания Кубогун жана төрт жолу Чемпиондор Лигасын уткан. Бир нече жолу ФИФАнын мыкты футболисти деп таанылган. “Алтын топ” сыйлыгын сегиз ирет алып, рекорд койду.

“Алтын топ” сыйлыгы 1956-жылы негизделген. Дүйнөнүн эң мыкты футболчусун 180 футбол эксперти тандашат. (BTo)

XS
SM
MD
LG