Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

Жогорку Cот Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды


Фархат Исмаилов.
Фархат Исмаилов.

Жогорку Сот Фархат Исмаиловду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратуу тууралуу эки соттук инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырганын 30-октябрда аталган мекемеден билдиришти.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун жана "Альянс" фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) маалымат берилгенин билдирген.

6-июлда БШК эки депутаттын мандатын алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес. Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы 20-сентябрда белгилүү болгон.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең диплому жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG