Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:25

Израил Газада аскердик операциясын кеңейтип жатат


Израилдин армиясы 29-октябрда Газа секторунда аскердик операциясын кенейте берерин билдирди. Сектордун түндүк тарабында ХАМАС тобунун жоочулары менен болгон кармашта эки жөөт аскер кызматкери жараат алганы кабарланууда. Өткөн суткада Израил ХАМАСтын 450 бутасына абадан сокку урганы, мындан тышкары Газага кошумча жүздөгөн жоокерлерди жана ондогон аскердик техникасын жөнөткөнү маалымдалды.

Операцияны кеңейтүү тууралуу Израилдин бийлиги жума күнү жарыялаган. Ошол эле маалда Газада жердеги операциянын масштабы дагы эле белгисиз. Азырынча израилдиктер ХАМАС көзөмөлдөгөн кайсы бир аймакты ээлегени тууралуу маалымат чыга элек. Бирок видеолор жөөт аскерлери Газанын түндүк тарабына киргенин көрсөтүүдө. Алар дагы бир ирет Газанын түндүгүндөгү тургундарды убактылуу түштүккө чыгып кетүүгө чакырды.

The New York Times жазгандай, ошол эле учурда толук кандуу жердеги операция тууралуу кеп боло элек.

Газада иштеп жаткан эл аралык уюмдар абалды гуманитардык кризис же апаат деп баалап жатышат. Электр энергиясы жок, суу, дары, башка турмуш-тиричилик каражаттары тартыш болууда. Жекшембиде БУУнун палестин качкындарына жардам берүү боюнча агенттиги бир нече миңдеген кишилер Газадагы агенттиктин тамак-аш жана башка буюмдар сакталган кампасына кирип барганын билдирди.

Буга чейин ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги жөөттөрдүн аба соккуларынан мүрт кеткен жети миңден көп кишинин аты-жөндөрү жазылган тизмени жарыялаган. ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG