Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Казакстанда шахтадагы кырсыктын курмандыктары 38 кишиге жетти


Костенко шахтасынын жанында турган "Тез жардам" жана полициянын автоунаасы. Караганда, Казакстан. 28-октябрь, 2023-жыл.
Костенко шахтасынын жанында турган "Тез жардам" жана полициянын автоунаасы. Караганда, Казакстан. 28-октябрь, 2023-жыл.

Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтадагы кырсыкта каза тапкан 38 кишинин сөөгү табылды, дагы 8 кенчи изделип жатат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштери шахтадагы талкаланган жабдуулардан жана урандыдан улам кыйын болуп жатканын билдирүүдө.

Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча жер бетине чыкканы кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG