Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


Ала-Арча паркы. Ноябрь, 2021-жыл
Ала-Арча паркы. Ноябрь, 2021-жыл

30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жааса, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүзү21…26;

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13, күндүзү21…26;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG