Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолугушту


Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топ жетекчилери. Назирбек Бөрүбаев (солдо) жана Ходжазода Ориф Ашури (оңдо).
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топ жетекчилери. Назирбек Бөрүбаев (солдо) жана Ходжазода Ориф Ашури (оңдо).

22-28-октябрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтордун жолугушуусу болду.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкелерин андан ары баяндап жазуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Тажикстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат.

12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн жолугушууда эки өлкө чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылган. Топографиялык топтор ага чейинки соңку жолугушуусунда чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда да кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Анда бул документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болору айтылган. Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын кайсы жерлери такталганы тууралуу маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG