Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Ирандын вице-президенти Израилди адамзатка каршы кылмышка айыптады


Мохаммад Мохбер. Архивдик сүрөт.
Мохаммад Мохбер. Архивдик сүрөт.

Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Израилди адамзатка каршы кылмышка айыптады. Мындай пикирин ал 26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөт башчыларынын жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

"Биздин иш-чара Газа секторунун кордолгон эли Израилдин ырайымсыз режиминин кол салуусунан улам суусуз жана азык-түлүксүз отурган чакта өтүп жатат. Утулуп калган бул режим күнөөсүз адамдарды сууcуз, тамак-ашсыз, жарыксыз жана дары-дармексиз калтырып, өлтүрүүгө аракет кылып жатат. Бул адамкерчиликке каршы кылмыш".

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС тобу Израилге 7-октябрда кол салган. Кол салуудан кийин Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. ХАМАСтын чабуулунан 1400 израилдиктин өмүрү кыйылып, 200дөн көп киши барымтага алынган.

Газа тилкесинде израилдик аскерлердин чабуулунан каза тапкандар 6 миңден ашканын бул анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси 25-октябрда билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG