Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

ЦАХАЛ Газа тилкесинде танктар менен атайын операция жүргүздү


Израил армиясынын мобилдик артиллериясы. 25-октябрь, 2023-жыл.
Израил армиясынын мобилдик артиллериясы. 25-октябрь, 2023-жыл.

Израилдин армиясы ЦАХАЛ билдиргендей, 26-октябрга караган түнү Газа тилкесинде аскерлердин катышуусунда танктар менен атайын рейд жүрдү.

Маалыматка караганда, алар "ХАМАС радикал тобунун уюктарына, алардын инфратүзүмдөрүнө чабуул коюшту".

ЦАХАЛ тараткан билдирүүдө операция "согуштук аракеттердин кийинки баскычына даярдыктын алкагында" өткөрүлгөнү айтылат.

Рейддин соңунда жоокерлер Израилдин аймагына кайтышты. Андан тышкары ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку урууну улантып жатат. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги чабуулдардан беш миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Бул маалыматты башка булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху 25-октябрда жасаган телекайрылуусунда ЦАХАЛ жердеги операцияга даяр экенин кайталап, ал качан башталарын тактаган жок.

Израил Газа тилкесине ХАМАС радикал тобунун 7-октябрдагы чабуулуна жооп катары сокку ура баштаган. ХАМАСтын чабуулунан 1400 израилдиктин өмүрү кыйылып, 200дөн көп киши барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG