Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Казакстанда мурдагы юстиция министри Марат Бекетаев эки айга камалды


Казакстандын мурдагы юстиция министри Марат Бекетаев.
Казакстандын мурдагы юстиция министри Марат Бекетаев.

Казакстандын соту мурдагы юстиция министри Марат Бекетаевди сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Арман Алибек 23-октябрда «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Экс-министрдин кармалганы 21-октябрда белгилүү болгон. Ал "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналууда. Тергөөнүн версиясына караганда, Бекетаев кайсы бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн келишимдерди түзүп, "мамлекетке ири зыян келтирген".

Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Бекетаев өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөнүн жазышты. 21-октябрда мурдагы министр Стамбул аркылуу Лондонго учуп кетүүнү көздөгөнү тууралуу маалыматты расмий мекемелер бышыктай элек.

46 жаштагы Бекетаев Казакстандын Юстиция министрлигин 2016-2022-жылдары жетектеген. Ал расмий маалыматтар боюнча 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Былтыр жыл соңуна чейин өкмөт башчынын кеңешчиси болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG