Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Арменияга жакын жерде азери-түрк аскердик машыгуулары башталды


"Мустафа Кемал Ататүрк-2023" деп аталган азери-түрк аскердик машугуусу. 23-октябрь, 2023-жыл.
"Мустафа Кемал Ататүрк-2023" деп аталган азери-түрк аскердик машугуусу. 23-октябрь, 2023-жыл.

Азербайжандын Коргоо министрлиги өнөктөшү Түркия менен биргеликте Армениянын чек арасынан алыс эмес жерде аскердик машыгууларын баштаганын 23-октябрда билдирди.

"Мустафа Кемал Ататүрк-2023" деп аталган машыгууларга 3000дей жоокер катышып жатканы белгилүү болду.

Этностук армяндар отурукташкан, 2020-жылы Баку өз көзөмөлүнө кайтарган аймакта өтүп жаткан машыгуулар 25-октябрда жыйынтыкталат.

Ал арада 23-октябрда Тегеранда Орусия, Азербайжан, Армения жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Алар аймактагы маселелерди, анын ичинде Тоолуу Карабактын Азербайжандын көзөмөлүнө өтүүсүн талкуулай турганы маалымдалды.

Бул быйыл сентябрда жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги Бакуга баш ийип, багынып бергенден кийинки тышкы иштер министрлердин алгачкы жолугушуусу.

Аймактагы 100 миңден ашуун этностук армяндар Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Расмий Ереван Бакуну этностук тазалоого айыптады, ал эми Баку бул дооматты четке кагып этностук армяндардын азери коомуна реинтеграциялоонун жолун караштарып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG