Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагындагы мал уурулук куч алганын жергиликтүүлөр айтып жатышат. Мундуз, Токтогул айылдарында бир айда 30дан ашуун мал-жандык жоголгон. Айылдыктар уурулурадын артынан түшүп таап, милицияга өткөрүп берген. Кылмышка шектүү 18 жаштагы үч жарандын үй камагына бошотулганы элдин нааразылыгын жараткан соң, алар кайра 2 айга камалды.