Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Ысыктан улам быйыл буудайдын дүң жыйымы 26,5% аз болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жайында абанын температурасы өтө жогору болгондуктан, вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы 26,5% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Бастырылган буудай алгачкы кабыл алынган салмакта былтыр сентябрдын соңуна карата 623 миң тонна болсо, быйыл 458 миң тонна болду.

Арпанын жыйымы 32,6 % кыскарды – былтыр 571 миң тонна, быйыл 385 миң тонна болду.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда жашылча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 8,2%, дан жүгөрү 6,5%, бакча өсүмдүктөрү 4%, картошка 3,6% жана мөмө-жемиш 0,8% көбөйдү.

Быйыл июнь жана июль айларында Кыргызстанда абанын температурасы 40 градуска жакындап, нормадан 4-5 градустай жогору болуп жатты. (RK)

XS
SM
MD
LG