Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Спортчу Ален Офойо мушташка катышты деп милицияга жеткирилди


Октябрь райондук милициясы.
Октябрь райондук милициясы.

Белгилүү кыргызстандык спортчу Ален Офойо милицияга жеткирилгенин 23-октябрда шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 22-октябрда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде болгон, ага каршы арыз Октябрь райондук милициясына түшкөн.

Арыз ээси спортчу аны бетке урганын, натыйжада эки тиши түшкөнүн билдирген жана күч колдонгон кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталды.

Окуя болгон жерге кайгуул кызматкерлери барып, спортчу менен кошо дагы үч кишини милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Сурактан кийин алар баары милиция чакырганда барып туруу милдеттенмеси менен кайра коё берилген.

Экинчи тарап да милицияга арыз жазганы, тийиштүү экспертизалар дайындалганы, жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери маалымдалды.

Ален Офойо кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, ал Азиянын, Европанын жана Евразиянын чемпиону.

XS
SM
MD
LG