Орусиянын ТАСС жана РИА Новости маалымат агенттиктери өз булактарына шилтеме берип, генерал Виктор Афзалов Орусиянын аскердик-космос күчтөрүнүн башчысы болуп дайындалганын жазды.
Бул кызматта 2017-жылдан бери генерал Сергей Суровикин турган. Ал жумуштан алынганы буга чейин эле айтылып келген. Бирок ушул күнгө чейин расмий маалымат жок.
Сергей Суровикин Украинадагы согушта орусиялык армияны 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январь айына чейин жетектеген. Кийин Валерий Герасимов башында турган Башкы штабда орун басарлык кызматка барган.
Июнь айында “вагнерчилердин” козголоңунда Сергей Суровикин жалданма жоочуларды ордуна кайтууга чакырган. Ага чейин маалымат каражаттары Сергей Суровикиндин “Вагнердин” жетекчиси, маркум Евгений Пригожин менен байланышы тууралуу кабарлашкан. Айрым маалымат булактары генерал козголоңдон кийин кармалганын да жазышкан. (BTo)