Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Орус армиясынын чабуулдарынан Украинанын бир нече облусу электр жарыксыз калды


Украинанын Запорожье облусуна жасалган орус армиясынын кесепети. 18-октябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Украинанын Запорожье облусуна жасалган орус армиясынын кесепети. 18-октябрь, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 20-октябрда Украинанын тогуз облусундагы калктуу конуштарга сокку урууну улантты. Бир карапайым тургундун өмүрү кыйылып, бир нече киши жаракат алганын, жарандык инфратүзүмдөр талкаланып, жүз миңдеген тургундар электр жарыксыз калганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Украинанын энергетика министрлиги тараткан маалыматка ылайык, соккулардан улам Донецк, Днепропетровск, Запорожье, Сумы, Харьков, Херсон жана Чернигов облустары жарым-жартылай же толук электр энергиясыз калды.

Херсондун түштүгүндөгү Берислав шаарына жасалган соккудан 80 жаштагы аял мүрт кеткенин облус губернатору Александр Прокудин Телеграм аркылуу кабарлады.

Москванын карамагынан бир жыл мурда тазаланган Берислав шаары орус армиясынын аткылоосуна такай дуушар болуп келет.

Орусиянын армиясы 20-октябрдын таңында Украинанын чыгышындагы Харьков облусуна караштуу Купянск-Вузловой айылына жана Волчанск шаарына абадан чабуул койду. Эки карапайым тургун жаракат алып, жарандык инфратүзүмдөргө залака келтирилгенин облус губернатору Олег Синегубов социалдык тармактарга жазды.

XS
SM
MD
LG