Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Депутат аутизмден жабыркаган адамдарга бюджеттен өзүнчө каражат бөлүүнү сурады


Аутизмден жабыркаган балдар үйүнөн чыкпай жашоого мажбур. Иллюстрациялык сүрөт.
Аутизмден жабыркаган балдар үйүнөн чыкпай жашоого мажбур. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобу "Альянс", "Ынтымак", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру" фракциялары менен чогуу бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоорун карап жатат. Жыйын учурда депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдардын саны, аларга Саламаттык сактоо министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен бөлүнүүчү каражатка кызыкты.

Саламаттык сактоо министринин жыйынга катышып отурган орун басары Медербек Исмаилов аутизмден жабыркаган балдардын так саны тууралуу маалыматы жоктугун айтып, кейинкчерек маалымат берилерин билдирди.

Депутат ага жооп кылып, Кыргызстанда аутизмден жабыркаган балдардын саны 3000ден ашканын, аларга мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөсүн билдирди.

"Сиздин маалыматыңыз да жок, ишиңиз да жок экен. Аларга акча бөлүнбөйт. Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнөт экен дагы, андан ары кумга сиңген суудай болуп, жетпейт экен аларга. Мындай балдарды мектептер да албайт экен. Жийиркенишет экен, анткени андай балдар колунда барлардын балдарынын психикасын бузат имиш. Мыйзамда болсо бардык адамдардын укугу бирдей деп жазылып турат. Ата-энелер ыйлап жүрүшөт. "Алтын балалыкка" бир дагы аутизмден жабыркаган бала барган жок. Жалаң күркүлдөрдүн балдары барып атышыптыр. Бала бакчаларды айтпай эле коеюн. Мага үч миңдей ата-эне чыркырап кайрылып жатышат".

Жамгырчиев мындай категориядагы адамдар үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетинен өзүнчө акча бөлүү жагын кароону өтүндү.

Кыргызстанда акыл-эс жагынан, аутизмден жабыркаган балдарды окутуп, тарбиялоочу, жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү мамлекеттик мекемелер дээрлик жокко эсе. Жалпы республика боюнча бир нече атайын көмөкчү мектеп жана бала бакчаларга аутист диагнозу коюлган наристелерди оңой менен албайт.

Кыргызстанда 36 миңден ашуун бала мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары расмий каттоодо турат. Алардын ичинен канчасы аутизмден жабыркай турганы тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстанда аутизмди дарылоого мүмкүн эместиги, анын ордуна балага узак жана түйшүктүү сессиялар керек деп табылып, 2021-жылдан тарта аутизмге чалдыккан балдар майыптыгын аныктоо үчүн атайын психико-неврологиялык ооруканага жатуу муктаждыгынан кутулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG