Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Ботаникалык бактагы жер тилкеси боюнча мурдагы жетекчи камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ботаникалык бактын аймагындагы жер тилкеси жеке колго өтүп кеткени үчүн “Кадастр” мекемесинин Бишкектеги бөлүмүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар материалдык пайда табуу максатында башка да тийиштүү мамлекеттик органдар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схема түзүп алышкан деп шектелүүдө.

Ошонун натыйжасында, атайын кызмат белгилегендей, Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын аймагындагы 0, 244 гектар жер тилкеси боюнча Бишкек мэриясынын жасалма токтому чыккан жана тийиштүү документтер берилген.

Мунун айынан мамлектке 31 миллион сомдук зыян келтирилгени, чогултулган материалдардын негизинде мурдагы эки жетекчи кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы, бул ишке тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иши жүрүп жатканы маалымдалды.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG