Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Тергөөчүлөр соттон “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналистин камакка алууну өтүндү


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

Орусиянын соту 20-октябрда тергөөчүлөрдүн Татарстанда кармалган "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны камакка алуу өтүнүчүн карап, чечим чыгарат.

Бул тууралуу Казан шаарынын Совет райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Курмашева 18-октябрда "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн кармалганы кабарланган.

Орусияда мындай айып үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Радионун татар-башкыр кызматынын редактору, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда ал Чехияга кайтарда, аэропортто кармалып, эки паспортун тең тартып алышкан.

Ошондон бери ал Орусиядан чыга албай келген. Бийлик 11-октябрда журналистке америкалык паспортун каттоодон өткөрбөгөнү үчүн 10 миң рубль айып пул салганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптайт.

"Алсу – урмат-сыйга татыктуу кесиптеш, үй-бүлөсүндө үлгүлүү жубай жана эки баланын мээримдүү энеси. Ал тез арада эркиндике чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып келиши керек", - деп билдирди радионун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин.

Kурмашева АКШнын жана Орусиянын жараны. Анын кармалышын бир катар эл аралык уюмдар айыптап, дароо бошотууну талап кылышты.

"Алсу Курмашеваны куугунтуктоо Орусияда журналистика жана пикир билдирүү укугу аёосуз басмырланып жатышынын ачык мисалы", -д еп жазды Эл аралык мунапыс Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струзерс.

Курмашеванын токтосуз бошотууну чакырган билдирүүлөрдү БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Быйыл март айында Орусияда иштеген Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович тыңчылыкка айыпталып кармалган, учурда ал Москвада тергөө абагында отурат.

2012-жылдан бери Орусияда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирген. Аны орус бийлиги сырттан каржыланган уюмдарга, өкмөттү сындаган жарандарга каршы колдонууда. Бул мыйзамдын айынан жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер жана активисттер куугунтукка кабылууда.

XS
SM
MD
LG