Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн визасыз жүрүү тартиби өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-октябрда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымат таратып, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби боюнча 10-октябрда киргизилген жаңы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү экенин эскертти. Ага ылайык бул өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө алат жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыгып кетип, кайра 90 күндөн кийин гана кире алат.

Башкача айтканда расмий каттоосу жок жарым жылда 90 күн гана жүрсө болот.

Андан ашык жүрүү үчүн чет элдик жаран Кыргызстанга келген максатына (үй-бүлөсүнө кошулуу, окуу, иштөө ж.б.) жараша өлкөдө жүрүүгө уруксат берчү документтерди алууга милдеттүү. Андай документтерге: жашаган жерине каттоого туруу, узак жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле "Кайрылман" же "Мекен-карт" кирет.

Армения, Беларус, Казакстан, Орусиядан тышкары Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандары алты айдан ашык жүрө албайт, андан кийин тиешелүү документтеринин негизинде гана каттоосун узартууга укуктуу.

"Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат. Тиешелүү документтерди тариздөө боюнча чет элдик жарандар калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же 119 телефонуна кайрылса болот" деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдан бери толук кандуу мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG